Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевди Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси — “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен актаганы 4-сентябрда белгилүү болду. Ал эми “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап үч жылга эркинен ажыратты. Исаевге мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган. Ал 2023-жылы октябрь айында кармалган.
Андан тышкары “АЮ” компаниясынын кызматкерлери боюнча да өкүм чыгарган. Ага ылайык, А.А.А., А.Р.Э., И.А.М. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталган. “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири эки жылдан эркиндигинен ажыратылган. Аларга да мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган.
Ошондой эле М.Т.К., С.Н.С. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталып, реабилитация болгон.