• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Айыл тургундары окуу жылы 15-сентябрда башталышына макул (видео)

11 Үчтүн айы 201817:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18.Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылы 15-сентябрда башталышы боюнча ата-энелердин жана билим берүү тармагындагы адистердин пикиринен кийин чечилет деген билдирүү тараткан.

Окуу жылынын башталышы боюнча Govori.TV сайтынын окурмандары биздин Whatsapp номерибизге төмөнкү пикирлерин айтып жөнөтүшкөн.

https://www.youtube.com/watch?v=sQUrOWbX8pQ&feature=youtu.be

Эске сала кетсек, окуу жылын 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштоо жөнүндө былтыр Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы демилге көтөргөн. Мындай сунуш Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша туристтерди тейлөө мөөнөтүн узартуу, балдардын эс алуусуна да көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү аракети менен түшүндүрүлгөн. Ал эми министрлик окуу 15-сентябрда эмес, 10-сентябрда башталса окуу планы өзгөрүүсүз каларын, мугалимдердин маянасы кыскарбай тургандыгын билдирген.

Акыркы чечим ушул социологиялык иликтөөнүн натыйжасын эске алуу менен кабыл алынат.

Кыргызстанда мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Мектептердин саны 2207, окуучулар 1 млн. 27 миң бала.

Количество просмотров: 31