Президен «Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.
Мызамдын максаты — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын, Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылынын аталышын өзгөртүп, мыйзамдаштыруу жана аларга тарыхый аталыштарын кайтарып берүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.