Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 9-мартындагы токтому менен Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов 7-майга чейин ЖАКтын №21-мекемесине камакка алынды.
Сотко өтүнүчтү ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү келтирген.
Ал эми ИИМ Мариповдун кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек.
Азамат Марипов — Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, 2024-жылы апрель айында өздөрүн “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында “алардын аракетинде кылмыштын курамы жок” деген негиз менен баары тең акталган.