• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Азамат Жаманкулов: Мага наам, сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келгиле

13 Жетинин айы 2018 15:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.11.2018.Govori.TV.
«Мага наам, сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келгиле» — деп маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Министрдин айтымында, ага келгендердин 90 пайызы наам жана сыйлык алуу маселеси менен кайрылат.
«Жалпы маданият тармагында көйгөйлөр жок эмес, аларды жоюу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Муну токтотуу керек. Жалпы жарандык коомчулуктан мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам. Аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, мага арка бел болууга чакырам», — деди Азамат Жаманкулов.
Ал ошондой эле министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды караган катчылыкка жөнөтөрүн белгилейт.
Количество просмотров: 34