• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Азаттык» радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматты төгүндөйт

22 Аяк оона 2022 19:21 Бишкек Govori.TV

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы — «Азаттык» радиосу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Ошто радионун өз кабарчысы сабалганы тууралуу тараткан маалыматын төгүндөйт.

22-сентябрда тажик ТИМинин расмий сайтына Кыргызстанда Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланып, анда «18-сентябрда Ош облусунда белгисиз бирөөлөр “Азаттыктын” кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекованы сабап кетишкен» деп жазылган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүсүндөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул боюнча маалыматты териштирип жатканын билдирди.

“Азаттык” радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматтагы кабарчы «Азаттык» радиосунда иштебей турганын расмий билдирет.

Ага удаа эле «Америка авазы» радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхонов Фейсбукка билдирүү таратып, «Тажикстандын ТИМи мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм» деп жазды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 135