«Азаттык» басылмасынын алдына белгисиз адамдар чогулуп, митинг өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Азаттыктын жетекчиси билдирди.
Анын айтымында, учурда митингге чогулгандар боюнча кабар милицияга кабарланды.
Акцияга ондой адам чогулган, алар колдоруна «Азаттык жабылсын», «Азаттык стоп» деген өңдүү жазууларды кармап алышкан.
Эске салсак, кечээ, 12-октябрда депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардан кол топтоп жатат деген билдирүүсүн депутат Дастан Бекешев телеграм каналында айткан болчу.
Бекешев кесиптешинин кайрылуусунда «президент “Клооп”, “Азаттык”, “Кактусту” жабышы керек» деп жазылганын айткан.
Ал эми Надира Нарматова бул тууралуу жооп берип, Бекешевдин билдирүүсү «жалган» деп атаган.