• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Азаттыктын иликтөөсү боюнча премьер-министр Абылгазиев суракка чакырылат

3 Бештин айы 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Азаттыктын иликтөөсүнө катыштыгы бар баардык адамдар суракка чакырылат, алардын арасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бар. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Иликтөө иштери ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Жана ошондой эле, КР ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д.Торокулов, экс-депутат Ш.Айтматова, граждандык активисттер, КР Президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Ф.Ниязов, М.Абулгазиев, Т.Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

УКМК

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз, ошондой эле КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Тергөөнүн жүрүшү коомчулука ар дайым маалымдалып турат.

Количество просмотров: 148