• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Азербайжан Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине катышуу ниетин билдирди

21 Теке 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

Азербайжан мамлекети Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан консультативдик жолугушуу учурунда маалымдады.

«Урматтуу кесиптештер! Сиздерди Азербайжан Республикасынын өтүнүчү менен кабардар кылып өтөйүн. Аталган өлкө кийинки отурумга сыйлуу мейман катары катышуу ниетин билдирди. Бул жолку жолугушууга дагы катышууну каалашкан. Бирок алдын ала кеңешүүчүлөр азырынча консенсус жок экенин көрсөттү. Буга байланыштуу каршылык болбосо, министрлер маселени иштеп чыгып, дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүнү тапшырууну сунуштайм»,-деди Жапаров.

Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда. Кеңешменин жыйынтыгы достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

Количество просмотров: 2751