• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азербайжан Кыргызстанга өрт өчүрүүчү унааларды берди

25 Жалган куран 20259:28 Бишкек Govori.TV

Азербайжан Кыргызстанга акысыз негизде 10 өрт өчүрүүчү унаа берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 22-мартында Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан тарабынан кайтарымсыз негизде берилген 10 даана атайын өрт техникасын өткөрүп берүү аземине катышты.

Аземдин жүрүшүндө элчи Мамытканов Азербайжан тарапка өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берген техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Азербайжандын Өрт кызматынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы жана заманбап технологияларды колдонуудагы олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен, ал КРнын ӨКМнин өрт коопсуздугу жаатындагы адистерин даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, бул кадам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана анын оперативдүү потенциалын жогорулатууга багытталган.

Количество просмотров: 120