• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Азербайжанга барат

3 Теке 202510:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Саммиттин темасы – «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деп аталат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Количество просмотров: 105