• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азербайжан президенти Илхам Алиев Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

6 Жетинин айы 202417:49 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу Илхам Алиевдин соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун баласы Элдар Айтматов ардактуу мейманды жазуучунун жашаган үйү, дүйнөгө атагы чыккан чыгармаларын жазган иш бөлмөсү, музейи менен тааныштырды. Бул жолугушууга атактуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова да катышты.

«Атам Гейдар Алиев айткандай, Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн да сыймыгы. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жаңыча которуп, кайра чыгаруу менен дүйнөнү, табиятты, адам табиятын дагы терең түшүнүүгө болор эле», — деди президент.

Ошондой эле Элдар Айтматов Илхам Алиевге «Чыңгыз Айтматов» атындагы ордендин алгачкысын тапшырды. Ушундан кийин Илхам Алиев да көп жылдар мурда Азербайжандын «Достук» ордени биринчи жолу Чыңгыз Айтматовго тапшырылганын эскерди.

Жолугушууда төрт жылдан соң, атактуу жазуучунун 100 жылдыгы белгилене тургандыгы, ага болгон даярдыктар тууралуу да сөз болду.

Эске сала кетсек, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп жатат. Азербайжандын президенти ошол саммитке катышууга келген. Иш-чаранын соңунда ар кандай документтерге, анын ичинде жыйынтыктоочу декларацияга кол коюлат.

Количество просмотров: 364