Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги кооптулуулук жараткан 1600 түп терек кыйылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пресс-турда билдирди.
Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгында 1400 түп коопту экени аныкталган. Теректерди кыюу этап-этап менен жүргүзүлүп, биринчи этапта 200 бак кыйылат.
«Биз теректерди алуу менен гана алек болбостон жаңылануу менен дагы ишти алып кетели деп жатабыз. Атайы чуркоочу жол, веложол жасайлы деген максатыбыз бар. Бир гана жашылдандыруу эмес, муктаждык маселелерин да чечели деп жатабыз», — деди мэр.
Ал эми «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиевдин айтымында, Ч.Айтматов проспектисинин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жазы жалбырактуу бак-дарактар отургузулат.
Ал белгилегендей, проспектинин бул бөлүгүндөгү 1400 түп терек кыйылып, ордуна жазы жалбырактуу бак-дарактар, бадалдардын түрү жана ар кандай гүлдөрдүн түрү отургузулат.
“Шаардагы бак-дарактардын жана теректердин көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Кээ бир дарактардын жашы 80-90 жыл. Көчөттөрдүн сактоо мөөнөтү жана стандарттары бар. Маселен, теректин жарактуулук мөөнөтү 40-45 жыл болсо, азыр Ч.Айтматов проспектиндеги теректерге 50 жылдан ашты. Көбүнүн сабагы чириген, ошондой эле оорунун белгилери да бар. Көпчүлүк бак-дарактардын жогору жагы куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылына жана адамдарга коркунуч туудурат”, — деди ал.