• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Илгиз Айтматов көз жумду

27 Баш оона 20249:35 Бишкек Govori.TV

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов 27-августтун таңында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдиришти.

Ал 93 жашта эле. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча белгилүү адис болгон. 1990-1993-жылдарда КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген.

И. Айтматов 260тан ашык илимий эмгектин автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.

2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Количество просмотров: 133