• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө

7 Бирдин айы 2024 16:09 Бишкек Govori.TV

7-февралда Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Оппозиция ага катышуудан баш тарткан, жеңишке өлкөнүн азыркы президенти Илхам Алиев жетет деп күтүлүүдө.

Шайлоо келерки жылы өтүшү керек болчу, бирок Алиев аны Тоолуу Карабак аннексиялангандан кийинки популярдуулугу күчөп турган маалга жылдырды. 2024-жылдын ноябрында Азербайжан БУУнун климат боюнча кезектеги саммитин өткөрөт, анын аркасында Алиев кайрадан көңүл чордонунда болот.

Алиев 2003-жылдан бери бийликте, андан мурда өлкөнү анын атасы Гейдар Алиев он жыл башкарган. Учурдагы мыйзам боюнча, Азербайжанда президент жети жылга шайланат, президенттик мөөнөттөрдүн саны чектелген эмес. Алиев үчүн бул катары менен бешинчи шайлоо.

Алиевдин бийлиги учурунда саясий талкууларды чектеген мыйзамдар кабыл алынды – оппозициячылар жана көз карандысыз журналисттер камалды.

Бюллетенде Алиевден тышкары дагы алты талапкер болот, алардын айрымдары Алиевди эл алдында мактап жатышат. Эксперттердин белгилешинче, азыркы президенттин чыныгы атаандаштары жок. Эки негизги оппозициялык партия – «Мусават» жана «Азербайжандын элдик фронту» шайлоого катышуудан баш тартты. «Мусават» партиясынын лидери Ариф Хажили шайлоого бойкот жарыялоого анын демократиялык шартта өтпөй турганы себеп болгонун айтты.

«Көптөгөн журналисттер жана саясий активисттер абакта. Өлкөдө эки жүздөн ашуун саясий туткун бар. Шайлоо мыйзамдарында олуттуу көйгөйлөр бар жана шайлоо комиссиялары негизинен бийликтин таасири астында», — деди Хажили Associated Press агенттигине.

Шайлоо Тоолуу Карабактын аймагында да өткөрүлөт, ал жерден жүз миңден ашуун армян качып кеткен. Өзүн Тоолуу Карабак республикасы деп жарыялаган аймактын мурдагы лидерлеринин көбүн Азербайжан бийлиги камакка алган.

Количество просмотров: 68