• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы январда өтөрүн билдирди

17 Бирдин айы 202617:19 Бишкек Govori.TV

Конституциялык сот КР Президентинин кезектеги шайлоосу «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январында) өткөрүлөт жана аларды дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен жүргүзүлүшү керектигин билдирди.

Бүгүн, 17-февралда Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн ушундай чечмеледи.

Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду чечмелеп берүү өтүнүчү менен 11-февралда Конституциялык сотко сунуштама берген.

Количество просмотров: 137