• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Азербайжандын лидери Өзбекстанга келди

21 Кулжа 202216:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиев 21-июнда Ташкентке мамлекеттик сапар менен келди.

Ташкенттин эл аралык аэропортунда жогорку даражадагы конокту Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Сапардын алкагындагы негизги иш-чаралар бүгүн болот. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек-азербайжан мамилелерин мындан ары бекемдөө, стратегиялык өнөктөштүк жана көп пландуу кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланат. Саммиттин алкагында өнөр жай, айыл чарба, транспорт, энергетика, илим жана инновация, туризм тармагы боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эртең Азербайжандын лидери Хива шаарындагы тарыхый эстеликтер менен таанышат.

Количество просмотров: 134