• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Азербайжандын президенти 2020-жылы Кыргызстанга келет

15 Тогуздун айы 2019 9:24 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен жолугуу учурунда маалым болду.

Эки тарап кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Ильхам Алиев Кыргызстан Азербайжанга боордош өлкө, дос жана өнөктөш экенин өзгөчө баса белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар жылдан жылга бекемдей берерине ишенимин билдирди.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Кесиптеши чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 68