• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

11 Тогуздун айы 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Азербайжандын президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди.

Жогорку даражалуу мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Количество просмотров: 130