Мыйзамсыз вебкам студияларды уюштурууга айыпталып соттолуп, кечээ жакында эле абактан президенттин ырайымы менен чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Маалымдалгандай, “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда иштин алкагында соттук экспертизалар дайындалып, тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.