Жакында эле президенттин ырайымы менен абактан бошотулган Даниел Ажиев кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Kaktus.media жазды.
Маалыматта айтылгандай, милиция Ажиевди бүгүн, 6-мартта Токмок шаарында достору менен эс алып жүргөн жеринен кармаган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тинтүү учурунда баңгизат табылган. Бирок, камакка алуунун так себеби азырынча белгисиз.
Бул боюнча ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.