2022-жылдын 6 айында 921 өзгөчө кырдаал катталган. Анын кесепетинен 95 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.
«22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен республика боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым унаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил унаа жабыркады. Эң оор өзгөчө кырдаал — бул сел. Анын кесепетинен 231 объект жабыркаган. Келтирилген материалдык чыгым 174 млн сомду түздү», — деди министр.