Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн түштүгүндө — Ош, Жалал-Абад облустарында болуп жаткан селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын айтып, маалымат берди.
«Менин бир да орун басарым Бишкекте эмес. Бирөө Орусияга гумжардам алып кеткен. Бирөө Казакстанга гуманитардык жардам жеткирип жүрөт. Бири Америкада. Дагы бирөө Ошто. Мен өзүм да Оштон бүгүн саат беште учуп келдим, бирок азыр кайра учуп кетишим керек болуп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, сел жүрүп жатат. Акыркы төрт күндө тынбай жааган жаандын кесепети оор болууда»,-деди ал.