• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ министри: Жоокердин сабалышы боюнча тергөө иштери уланууда

18 Теке 202214:52 Бишкек Govori.TV

Жоокердин сабалышы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда өткөн маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Ишти аскер прокуратурасы алып барууда. Азырынча ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экендигин айтууга болбойт”, — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Беловодское айылындагы ӨКМге караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Жоокердин ур-токмокко кабылганы ал №4 ооруканада операция болгондо гана аныкталган. 8-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйын өткөрүп, окуяга байланыштуу ӨКМдин алты аскер кызматкери иштен четтетилгенин билдирген.

Количество просмотров: 140