Президенттин ант берүү аземинен кийин өлкөдө саясий бейпилдик өкүм сүрдү. Өмурбек Бабановдун акыркы билдирүүсүнөн кийин аны пир тутуп жүргөн, артынан ээрчиген электораты “демиккен таз, демиңди бас” дегендей эле болду.
Сооронбай Жээнбеков адаттагысындай эле амбициялуу саясий кыйкырыктардан алыс болуп, акырындык менен иш баштады. Анын шаардыктардын турмушуна жолтоо болбой таң заардан ак үйдөгу жумуш ордуна кирип кеткени көпчүлүк тарабынан жылуу кабыл алынды. Ишти бийлик бутактарынын башчыларын, парламенттеги фракция лидерлерин кабыл алуу менен баштап, баардык демилгелер эске алынаарын билдиргени, жаңы президент саясий кризиске жол бербей тургандыгынан кабар берди.
Сооронбай Жээнбековдун президент катары алгачкы иш сапары Москвага болгону дагы символикалуу болду. Ал Жамааттык келишим уюмунунун жыйынына катышат элем деп түз эле Минскиге кетип калган жок. Саммиттин алдында аз болсо да Москвага тийип өтүүгө убакыт тапты. Коомчулук президенттин алгачкы иш сапарын көз албай карап турду. Өлкө башчысынын чачынын таралышы менен өзүнө жарашыктуу пальтосуна чейин талкууга алынды. Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге жолуканда ашыкча урматын билдирип, моюнуна асылып кучактап жибергени али эсибизден чыга элек. Ал эми Сооронбай Жээнбеков өзүн токтоо кармап, көзгө олуттуу көрүнүп турду. Орусиянын президенти дагы аны колтуктан алганы, өз деңгээлинде кабыл алаарынан кабар берип турду. Казакстан менен Белорусиянын алмашкыс президенттери дагы Сооронбай Жээнбековду тең ата кабыл алып, билектен имере тартып сүрөткө түшкөнү кыргыз элин сыймыктандырбай койгон жок.
Ошентип жаңы президенттин алгачкы кадамдары анын талапкерлерине гана эмес, мурда сындап жүргөн адамдардын дагы колдоосуна татып баштады.