• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ажыга жөнөгөндөрдүн алгачкы тобу Мединага жетти

18 Теке 20199:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына аман-эсен жетип алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зыяратчылардын алгачкы тобун Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлү Султаналы ажы Гапыров тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырган.

Кошумчалай кетсек, ажылардын алгачкы тобунда 392 зыяратчы, 8 ажы башчы бар.

Количество просмотров: 58