Маалым болгондой, алтын медаль тагынган спортчуларга 1 млн 250 миң сом берилет. Учурда Кыргызстандын курама командасынын эсебиде эки алтын бар. Алардын бирин жеңил атлетчи Дарья Маслова тагынса, экинчисин жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу алган.
Ал эми күмүш байге ээлерине мамлекет 750 миң сомдон тапшырат. Учурда кыргызстандыктарда 5 күмүш медаль бар. Ошондой эле коло медаль багындырган спортчуларга 500 миң сомдон берилет. Кыргызстандын курамасы азырынча 9 коло байгеге ээ болду.
Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орунга татыган спортчулардын машыктыруучулары сыйлыктын 25 пайызын алышат. Тактап айтканда, алтын медаль үчүн 312 миң сом, күмүш үчүн 187 миң 500 сом жана коло үчүн 125 миң сом.
Быйылкы Азия оюндары 19-август күнү Индонезиянын Палембанг жана Жакарта шаарларында башталган.