• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Азимбек Бекназаров Президентке ачык кайрылды

30 Тогуздун айы 2022 12:25 Бишкек Govori.TV

КРнын Президентине Азимбек Бекназаров ачык кайрылуу жазды. Анда учурдагы бийликтин ички жана тышкы саясатын сындаган билдирүү жазды.

Ал Кыргызстанга келген эки жарым ай ичиндеги саясатта болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу оюн билдирди.

  1. Мамлекеттик башкаруу – президентке КРнын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилип берилген укук менен ыйгарым милдеттердин чектеринде, тартипте, жүргүзүлбөй, өзүм билемдик, күнүмдүк көз боёмочулук, ашкере жасалма пиар, алдамчылык менен мыйзамсыз ишке ашырылат экен.
  2. КРнын Конституциясы жана мыйзамдары менен аткаруу бийлигинен бөлүнгөн Жогорку Кеңеш, Жергиликтүү Кеңеш, анын өз алдынча башкаруу органдары, сот системасы, тергөө органдары толугу менен бийликке баш ийип калган.Мунун укуктук өлкөлөрдө бийликти узурпациялоо катары тааныйт.
  3. Өз пикири, оюу, позициясы бар кесипкөй билимдүү кадрлар жаманатты болуп, иштен четтетилиши кадыресе мамлекеттик саясатка айланган. Кадр саясатында, “ким бизди колдобосо, ал өлкөнүн душманы” принциби менен жашайт экен, ачык кошоматчылык кылуу, Жогорку Кеңештин трибунасында айтылып турушу, депутаттардын деңгээлинин кабар берет.

«Урматтуу президент! Эегерде сиз буга макул болбосоңуз, “эки достун” “Кемпир-Абадды” Өзбекстанга биротоло берип жаткан саясатыңарды жалпы элге референдумга алып чыксаңар,ошондо чындык билинет. Референдумга өзүңөрдүн “Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине макулсуңбу?” – суроону коюп сурап көргүлөчү» ,-деп жазды.

Мындан сырткары тышкы саясатты жүргүзүүдө дагы мактанарлык иш жок экенин айтып, ЖМКна болгон басым тууралуу айткандан кийин,

Количество просмотров: 2388