• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Азимжан Аскаров Жогорку Сотко кайрылбайт

12 Жетинин айы 2018 12:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Жактоочу Нурбек Токтакунов өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров адилеттүүлүккө ишенбей тургандыгын жана Жогорку сотко даттануу менен кайрылбай тургандыгын айтып чыкты.
Анын маалыматына караганда Азимжан Аскаров учурда соттук процесстерди тыгыз байкоого алууда. Бирок, экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча иликтөөлөрдөн кийин Жогорку сотко кайрылбоо тууралуу чечимди кабыл алган.
«Мурунку эл өкүлүн эч нерсе кылбаса деле соттошту. Ал тургай Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев сотко келип, эч ким аны барымтага албагандыгын далилдегенине карабай сот бул билдирүүнү четке какты», -деген Нурбек Токтакунов.
Эске салсак, Азимжан Аскаров улуттар аралык ынтымакты бузган жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Количество просмотров: 21