• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакыт Шаршембиев: «Кадыр, баркыма шек келтирген адамды сотко берем» 

24 Тогуздун айы 2018 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.10.2018.Govori.TV.

Байланыш жана маалыматтык технология комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду негизсиз бир нече жолу ушактагандыгы үчүн сотко берип жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, ал өз доо арызын да бир гана кадыр баркын коргоону гана көздөйт.
«Ар бир Кыргызстандын жараны сыяктуу эле, укугум Конституция тарабынан корголушун, мамлекеттик органды өз кадыр баркым менен гана жетектөөнү каалайм, — деп билдирген Шаршембиев. » Менин төрт балам бар. Мен үчүн үй бүлөнүн атасы болуу, ата-энеге татыктуу уул болуу деген сөз жөнөкөй эле сөз эмес. Мен бир гана өзүмдү эмес, өзүмдүн жакындарымдын, туугандарымдын, мага кымбат адамдардын ден соолугун, кадыр баркын, сүйүүсүн коргошум керек»,-деп кошумчалаган.

Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы мурда бул эл өкүлү менен конфликт болбогондугун айткан.

 

 

Количество просмотров: 30