• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс-мэрлер сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартышты

4 Жетинин айы 201911:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев билдирген.

Албек Сабырбекович Ибраимов жана Кубанычбек Кеңешович Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун алар сотто актангысы келбегени, ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүштү. Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек,- деп билдирген жактоочу С. Слесарев.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Количество просмотров: 109