Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн, 8-апрелде мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталып, анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулат.
Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар килемге чыгат:
50 кг чейинки салмакта Кыргызстандын өкүлү катышпайт.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашууда.
Жалпысынан 350гө жакын балбан арасында 30 комплект медаль ойнотулууда.