• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев күмүш медалга ээ болду

23 Чын куран 202217:40 Бишкек Govori.TV

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.

70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде, жарым финалда монголиялык Темулен Энцтуйаны 12:6 эсебинде утуп алган.

Финалда япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Количество просмотров: 130