• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Кыргызстандык 4 балбан жарым финалга чыкты

6 Чын куран 202614:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы “Жаштык арена” спорттук комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Тандоо этаптарындагы кармаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны ийгиликтүү чыгып, мелдештин жарым финалына жолдомо алышты.

Маалымдалгандай эми алар финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Алар:

  • Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
  • Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
  • Акжол Махмудов (77 кг чейин);
  • Асан Жанышов (87 кг чейин).

Жарым финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.

Количество просмотров: 164