• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Азия чемпионатына барчу балбандарга акча которулганы айтылды

14 Чын куран 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлиги Монголияда өтө турчу Азия чемпионатына кыргызстандык балбандардын катышуусу үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында Азия чемпионаты өтөт. Ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандан 23 балбан катышат.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 миллион сом каралган. 2022-жылдын 14-апрелине карата 19, миллион сом каржыланган. Мында, Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар экендигин белгилейбиз, ага ылайык негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте бир катар депутаттар спортчулардын жолго кетүүчү чыгымдарына каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болушкан. Эл өкүлү Шайлообек Атазов Финансы министрлигиндеги кызматкерлер элден акча чогултуп барууну сунуштаганын айткан.

Количество просмотров: 65