• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Азия чемпионатында жаракат алган Тыныбекова машыгууларды баштады

28 Чын куран 2022 12:08 Бишкек Govori.TV

Азия чемпионатынын финалында алган жаракатына карабай, Айсулуу Тыныбекова машыгууларды кайрадан баштады. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

«Айсулууну дарыгерлер текшерип, калыбына келтирүү курсун жазып беришкен. Ал эки жумада толук айыгат. Бирок, азыр Айсулуу машыгып жатат. Бир гана буту жабыркап, ал жалпысынан булчуңдарды чыңдоо үчүн иштейт, формасын сактап турат”, — дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, жакында өткөн Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болушкан.

Количество просмотров: 137