• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

20 Чын куран 202211:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды.

Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыкты. Шаршенбеков 6:1 менен Фидахметовду утуп алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.

Количество просмотров: 289