• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Азия чемпиону Виталий Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү

6 Баш оона 202013:46 Бишкек Govori.TV

Азия чемпиону Виталий Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу АКИpress жазды.

Маалыматка карганда, спортчу эртең мененки саат 05:15те чыгып, саат 18:30га чейин сүзгөн.

«Худяковдун 13 саатка созулган сапары Чолпон-Ата шаарынан башталып, Кажы-Сайга чейин уланган»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Виталий Худяков Олимпиада оюндарына катышып, 10 жана 5 чакырым аралыкта ачык сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон.

Количество просмотров: 73