«Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү, Маратик каймана аты менен таанымал Марат Жуманалиев кармалды. Маалыматты укук коргоо органдары тастыкташты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды.
Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.