Кечээ Россиянын башкы каналынан КВНдин туулган күнүнө арналып Москва мэринин кубогу үчүн өткөн оюн көрсөтүлдү. Байге үчүн кыргызстандык «Азия MIX» командасы да күч сынашты. Оюн 23-ноябрь күнү «Планета КВН» борборунда өттү. Ага үч блокко бөлүнгөн 12 команда катышкан. Өз номинациясында жеңишке жетишкен топ мэрдин кубогуна талапкер болгон.
Кыргызстандык команда Сургуттун «Борцы», Москванын «Горизонт» жана Смоленскинин «Триод жана Диод» командалары менен ат салышты. Мында жеңишке «Борцы» тобу ээ болду.