• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Азия оюндарына бара турган курама команданын параддык жана спорттук кийими даяр болду

6 Аяк оона 202314:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын курама командасынын Азия оюндарына кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында (Кытай) XIX жайкы Азия оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 230дан ашуун киши катышат.

Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 23-сентябрь күнү Азия оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы Азия оюндарынын демөөрчүлөрүнүн бири болгон “361” компаниясы даярдады.

Жалпы экипировка 13 элементтен турат: атайын параддык форма, спорттук форма, жеңил куртка, футболкалар, рюкзак, сүлгү, чемодан ж.б.

Эске салсак, экипировканы Дене тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитети менен биргеликте “361” компаниясы менен келишим түзүп, атайын даярдалган дизайндын негизинде акысыз алды.

Количество просмотров: 83