• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Манас театрында Азиз Биймырза уулу кызматтан кетип, Нурбек Талантбеков директор болду

15 Теке 202417:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук макамга ээ «Манас» театрында кадр алмашуу болду. Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору манасчы Азиз Биймырза уулу менен орун басары Шайырбек Абдырахманов өз каалоолору менен кызматтан кетти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен манасчы Нурбек Талантбеков аталган театрга директор болуп дайындалган. Талантбеков буга чейин аталган театрда директордун орун басары кызматын аркалап келген. Хор менен манас айтууну жайылтып, жаштардын жүрөгүндө Манасты сиңирүүгө аракет кылып жаткан. Бүгүндөн баштап, Манас театрынын жетекчиси болду.

Количество просмотров: 597