Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Таланбеков Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Чыңгыз Бапаев менен жолугуп, айтуучулардын мектебин Алай жерине салуу боюнча пикир алышты.
Жолугушууга төкмө акын Эсенбек Кийизбаев, манасчы Сыргак Мурзакаримов да катышты. Район башчысы бул ишти колдоого аларын билдирип, жер маселесин чечип берүүнү убада кылды. Бул билдирүүнү «Манас» театры фейзбуктагы баракчасына жарыялады.