• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте байге фонду 3 миллион сомду түзгөн төкмө акындардын айтышы өтөт

17 Баш оона 202412:58 Бишкек Govori.TV

30-31-август күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 17-Эл аралык төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук театрынан билдиришти.

Эл аралык сынак Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына жана Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналган.

Айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Тандоо туру 12-августта “Манас” театрында өтөт.

Количество просмотров: 380