Бишкек. 21.08.2019. Govori.TV
«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов 2019-жылы Банктын кредиттик портфели 2018-жылга салыштырмалуу 1 миллиард сомго көбөйүп, 13,6 млрд сом болгонун белгиледи. Регионалдык долбоорлорду каржылоо өткөн жылга салыштырганда 21 пайызга көбөйдү.
Ал «РСК Банк» ААКнын жер-жерлердеги филиалдары региондордогу ишкерлерди артыкчылык тартипте каржылап жатышканын баса белгиледи.
Азизбек Оморкулов ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында банкта «РСК-24» мобилдик тиркеме ишке киргизилгенин да билдирди. Ал аркылуу салыктардын бардык түрлөрүн, айып пулдарды жана мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.