• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азык-түлүк, грант, вакцина. Кытай Кыргызстанга гумжардам көрсөтөт

1 Кулжа 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мындай чечимди коңшу мамлекеттин жетекчилиги Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийин кабыл алган. Анын алкагында Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана 350 млн. юань (54 млн. доллар чамасында) грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылып жатканы кабарланды.

Кытай мындан тышкары коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасынын 150 миң дозасын гуманитардык жардам катары берери айтылды.

«Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө чечими кабыл алынган. Аны менен катар эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу, тагыраагы, КРге гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди», — деп айтылды маалыматта.

Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген. Президенттик администрациядан Кыргызстандын эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

Количество просмотров: 69