Өлкөдө ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында жарманкелер уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Жарманке баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатын көздөйт. Иш-чара июнь айына чейин уюштурулмакчы.
Бишкек шаарында жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү мэрия менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Жарманкенин өтүү жайы:
Катышуучуларда райондук агрардык башкармалыктан алынган тастыктоочу кат болушу талап кылынат.