Бишкекте 22-23-ноябрда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкенин максаты баалардын өсүү темпин токтотуу, калктын социалдык аярлуу катмарына тамак-аш азыктарын жеткиликтүү кылуу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту туруктуу камсыздоо болуп саналат.
Жарманке Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульварында (Биринчи май району) уюштурулат.
Белгиленгендей, аталган жарманке 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп турат. Анда социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт.