• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

600 сомдон ашпайт. Кочкордо арзан баада эт сатылуучу жарманке өткөрүлө баштады

3 Бештин айы 202513:07 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунда арзан баада эт сатылуучу социалдык жарманке өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында уюштурулууда.

Жарманкенин алкагында район тургундарына арзан баада – 600 сомдон сапаттуу эт азыктары сунушталат. Социалдык колдоого багытталган бул иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлөтЭтти.

Жарманке ишемби күндөрү Кочкор районунун борборундагы автобекеттин имаратында өткөрүлөт.

Количество просмотров: 122