• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн, 1-ноябрда көк-бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өтөт

1 Жетинин айы 2018 7:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.11.2018.Govori.TV

Бүгүн, 1-ноябрда көк-бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн өтчү жарым финалдык оюнда өз командаларынын арасында жеңишти камсыздаган топтор ат салышат.

Ал эми кечээки 31-октябрдагы оюндардын жыйынтыгында Ош облусунун улакчылары Нарындан келген команданы 8:1 эсебинде жеңген.

Таластан барган көк-бөрүчүлөр Ысык-Көл облусунун улакчылар тобун 7:1 упай менен утса, Чүй командасы Ош шаарынын улакчыларын 12:3 эсебинде жеңип алган.

Эскерте кетсек, көк-бөрү боюнча өлкө чемпионаты 28-октябрдан бери Оштогу «Төлөйкөн» ат майданында өтүп жатат. Финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот. Өлкө чемпиондугуна арналган оюнда республиканын жети облусу жана эки шаарынан куралган тогуз команда күч сынашууда. Байге фондусу — эки миллион сом экени айтылган. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.
Бул оюн расмий түрдө 3-ноябрда жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 31